Ноокендеги Кара-Үңкүр дарыясы эки өлкөгө кооптуу абал жаратууда



Ноокен районунун Сакалды айыл аймагындагы Чек айылында 2014-жылдын 30-апрелинде таңкы саат 04:30 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлдү. Анда жалпы узундугу 1780 метр болгон дамбанын 350 метр аралыгын суу жеп кетип, дагы 400 метр аралыгы жараксыз абалга келген. Дарыядан ашкан суу 6 гектар айдоо аянтын каптаган. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
ӨКМнын Ноокен райондук бөлүмүнүн башчысы Кубатбек Нурбаевдин билдирүүсү боюнча, дамбаны калыбына келтирүү үчүн айыл аймагы тарабынан жеке менчик 1 даана бульдозер, 1 даана экскаватор жана Өзбек Республикасынын Пахта-Абад районунун жергиликтүү бийлиги тарабынан кесилген таш жүктөлгөн 3 даана КамАЗ унаасы тартылды. Анткени дарыянын суусунун көтөрүлүүсүнөн Өзбек Республикасынын аймагына да кооптуу абал түзүлгөн. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.