super.kg logo

Бишкекте адал азыктарынын жарманкеси өтүүдө (фоторепортаж)

 
Кардарларга колбаса азыктарын даамдап көрүүгө шарт түзүлгөн.
Адал азыктарынын жарманкесине колбаса чыгаруучу ишканалардын көпчүлүгү катышууда.
Жарманкеге кондитердик азыктар да коюлган.
Сыр жана колбаса азыктары
Колбасанын түрүнөн жасалган бул боз үй көпчүлүктүн кызыгуусун арттырууда.
Эт азыктары
Сыр продукциясын чыгаруучу фирманын өкүлдөрү
Жарманкеден мөмө-жемиштердин кактарын да табууга болот.
Жарманкеге коюлган кийим-кечектер
Талкан эми ушундай таңгактарда чыгып калыптыр.
"Бул талканга сары май же бал кошуп алып эле жей бергенге болот" дешет компаниянын өкүлдөрү.
Жарманкедеги эт азыктары
Кондитердик азыктар
Кыргызстандагы белгилүү бренддердин биринин кесмелери
Жарманкеде эң көп коюлган азыктар деп бышырылган, ышталган жана башка ыкмалар менен жасалган колбасаларды айтсак болот.
Чет жактан алынып келген чайлар
Кондитердик азыктар
Таттуу азыктар
Жарманкедеги кондитердик азыктар
Колбаса чыгаруучу компаниянын өкүлдөрү жана дегустаторлор
Дарылыкка колдонулуучу каражаттар
Адал индустриясын өнүктүрүү борборунун адиси Талант Ерназаров
Жарманкедеги кийим-кечелер
Дубайдан алынып келинген кир жуучу каражаттар
Дубайдан алынып келинген кир жуучу каражаттар
Бал азыктары
Майда тууралган эттер
Жарманкеге келген кардарлар жана катышуучулар
Сатуучулар эт азыктарын эшиктин алдында бөлүштүрүп жатышты.

Бишкекте бүгүн, 1-майда Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында Адал индустриясын өнүктүрүү борбору уюштурган азыктардын көргөзмө-жарманкеси өтүүдө.

Анда адал стандартына туура келген түрдүү азыктар – эт, сүт, кондитер азыктары, косметикалык каражаттар, кийим-кече жана башка продукциялар сатылууда.

“Бул жарманке Бишкекте үчүнчү ирет өтүүдө. Адал азыктарынын талаптары катуу болгондуктан, биздин жарманкеге бардык өндүрүүчүлөр катыша алышкан жок. Былтыр 20га жакын компания катышса, быйыл катышкан ири соода маркаларынын саны 30дан ашты”,- дейт Адал индустриясын өнүктүрүү борборунун адиси Талант Ерназаров.

Анын айтымында, учурда эт-ашка кармин-кошениль сыяктуу боёк каражаттары көп кошулат. Алар кардарлардын ден соолугуна зыянын гана тийгизет.

“Тилекке каршы, бизде арзаныраак тамак-аш өтүмдүүрөөк келет. Бирок анын сапатынан ден соолук жабыркап каларын баары эле биле беришпесе керек. Мисалы, айрым эт сатуучу жайларда белгисиз жактан алынып келген, ар кандай кошулмалар, боёктор кошулган эттер сатылууда. Жарманкенин катышуучулары ар бир кардарга өз продукциясы тууралуу кеңири маалымат берип, аны даамдап көрүүгө да шарт түзүшкөн. Ошондой эле баалар базардыкынан төмөн”,- деп кошумчалады адис.

Талант Ерназаров күзгө жакын Ош шаарында да адал азыктарынын көргөзмө-жарманкесин өткөрүү пландалып жатканын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.05.2014. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыгындан айланып кетем Кыргызстаным. Сагындым го сагындым
01.05.2014. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Халал эмес адал десек кыргыз тилине туура келет деп ойлоймун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: