super.kg logo

Бишкекте "Улуттук госпиталдан телефон уурдады" деп шектелип 43 жаштагы жаран кармалды

 

Борбор калаада бир нече уурулуктун бети ачылды. Бул тууралуу 30-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, милицияга Бишкек шаарынын тургуну Т.Азиз кайрылган. Ал 20-25 жаштагы балдар Кулиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде күч колдонуп 2700 сомдук телефонун тартып алышканын айткан. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Биринчи Май РИИБи тарабынан Ала-Тоо конушунун 20 жаштагы тургуну К.Жанар кармалды.

Укук коргоо органдарына борбор калаанын жашоочусу кайрылган. Ал 30-апрель күнү саат 10:00дө Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдагы палаталардын биринен белгисиз адамдар “Нокиа-206” үлгүсүндөгү телефонун уурдап кетишкенин айткан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек ШИИББи тарабынан 43 жаштагы А.Асан колго түшүрүлдү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: