Жылнаама, 2-май: Мындан 3 жыл мурун "Аль-Каида" террордук уюмунун лидери Усама бен Ладен АКШнын атайын аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн

* 2013-жылдын 2-майында Бишкек шаардык сотунда “бийликти күч менен басып алуу аракети” беренеси менен айыпталган Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов боюнча кезектеги соттук отурумдун жыйынтыгында депутаттардын баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калып, алардын жан сакчылары үй камагына чыгарылган.
* Мындан 52 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1962-жылы 2-майда СССРдин спорт чебери, КРнын Панкратион федерациясынын негиздөөчүсү Эдил Молдалиев Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында жарыкка келген. Ал бокс боюнча Кыргызстандын жана СССРдин бир нече жолку чемпиону, панкратион боюнча эл аралык көптөгөн мелдештердин жеңүүчүсү болгон.
* Мындан 3 жыл мурун "Аль-Каида" террордук уюмунун лидери Усама бен Ладен Пакистандын Абботтабад шаарында АКШнын атайын аскерлери тарабынан өлтүрүлүп, анын денеси деңизге чөктүрүлгөн.
кошулду
Автор: Дамира Арстанова

* 1945-жылы 2-майда советтик аскерлер Берлин шаарын ээлеп алууга жетишкен. Ата Мекенди коргоо үчүн 4 жылга созулган согуштун соңку илеби келип, миңдеген жоокер фашисттер бекинген уюкка эки-үч эселенген күч менен сокку уруп турушкан. Согушка кыргызстандык жоокерлер да катышып, алар фашисттик Германиянын кулашына өз салымын кошушкан.

Жылнаама толугу менен бул жакта...
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
artur_kgboy

01.05.2014. 22:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ben laden Dagy ele tirikgoo
tairbek.

02.05.2014. 11:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бен Ладен оз ажалы менен эле олгон Америка аны биз олтурдук деп анысы калп болуп чыккан бен ладенге окшош киши экен, бен ладен жонундо россиянын каналдары корсоткон оорудан олгон экен!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.