“Ювентус” УЕФАнын Евролигасынын финалына чыга алган жок
Мелдештин өткөн жылдагы финалчысы "Бенфика" күйөрмандарын быйыл да финалга чыгуу менен сүйүнтүп отурат.


Мелдештин өткөн жылдагы финалчысы "Бенфика" күйөрмандарын быйыл да финалга чыгуу менен сүйүнтүп отурат.

14-майда Турин шаарында өтө турган УЕФАнын Евролигасынын финалына туриндик клуб “Ювентус” чыга алган жок. Кечээ, 1-майда жарым финалдын жооптук оюнунда ал өз үйүндө португалиялык “Бенфика” менен 0:0 эсебинде тең ойноду. Алгачкы оюнда “Бенфиканын” утканы эске алынып, туриндиктер финалга чыга алышкан жок.
Дагы бир финалдык жолдомонун ээси испаниялык “Севилья” болду. Севильялыктар жарым финалда 2 оюндун жыйынтыгында жалпы эсепте “Валенсияны” утуп алышты.
Жарым финалдык оюндардын жыйынтыгы:
“Валенсия” (Испания) – “Севилья” (Испания) – 3:1 (алгачкы оюн 0:2)
“Ювентус” (Италия) – “Бенфика” (Португалия) - 0:0 (алгачкы оюн 1:2) Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

http://www.super.kg/media/uservideo/118329/