super.kg logo
  Саясат  

Карганбек Самаков “Ататүрк - Ала-Тоо” университетинин ардактуу профессору" наамын алды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков “Ататүрк - Ала-Тоо” университетинин ардактуу профессору" наамын алды. Муну бүгүн, 2-майда парламенттин маалымат кызматы билдирди. Апрель айында аталган окуу жай 2014-жыл – Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын алкагында "Манас" күндөрүн өткөрүштү.

Иш-чарада Кыргыз Эл баатыры Бексултан Жакиев, академик Абдылдажан Акматалиев жана башкалар "Манас" үчилтигин ЮНЕСКОнун тизмесине каттатуудагы депутат Карганбек Самаковдун эмгегин белгилешти. Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтыктын натыйжалуу болуп жатканын айтышты. Жыйынтыгында Карганбек Самаковго “Ататүрк - Ала-Тоо” университетинин ардактуу профессору" деген диплом тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: