Ошто социалдык педагогдордун семинары өттү

Бүгүн, 2-майда Ош шаарындагы №16-орто мектебинде социалдык педагогдордун семинары өттү. Бул тууралуу билим берүү мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.
Анда окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө карата “Мектеп - элдештирүү кызматы”, “Ата-энеңди сыйласаң, өз балаңдан сый көрөсүң”, “Биздин ынтымактуу класс” жана “Кербенге кошул” деген темаларда тренинг болду.
Семинардын соңунда окуучулар тарабынан жакында өткөрүлүүчү Улуу Жеңиш күнүнө карата “Эч ким, эч нерсе унутулбайт” деген аталышта концерттик программа тартууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.