Кыргыз драма театры быйыл 5 жаңы спектакль коюуну пландап жатат
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 2013-жылы 5 жаңы спектакль коюуну пландап жатат. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Шатман Садыбакасовдун 80 жылдыгына карата “Ак боз ат” пьесасы, Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романынын негизинде “Түбөлүк келин” спектакли, Чеховдун “Ревизор” спектакли коюлат. Мындан сырткары театрдын эмгек жамааты бир нече спектаклдерди иштеп чыгып, көрүүчүлөргө сунуштайт. Спектаклдер кайсы айда, качан коюлары январь айынын аягына чейин белгилүү болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.