Алмазбек Атамбаев түндүк-түштүктү бириктирген темир жол салынарын айтты
“Кудай буйруп, Кыргызстандын жолу ачылды. Аны эч ким токтото албайт. Буюрса, түндүк-түштүктү бириктирген темир жол салынат”. Муну өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-майда түндүк-түштүк унаа жолунун курулушунун расмий ачылышында билдирди. Президент Казарман айылынын тургундары менен жолугушту.
"Мага ишенип койгула. Кыргызстан келечекке кайсы жол менен бара жатканын билебиз. Түндүк-түштүк унаа жолу тарыхый жол болуп калат. Жолдун курулушу 4 жылда бүтүп калса, ушул жол менен ары-бери өткөндөр эстеп турат”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















