Жоомарт Оторбаев өлкөнүн Бажы биримдигине кириши боюнча кеңешме өткөрдү
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөт мүчөлөрү менен Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча бүгүн, 2-майда кеңешме өткөрдү. Жыйынга президенттик аппараттын жетекчилиги да катышканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Оторбаев Орусияга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат берип, жетишилген макулдашууларды айтты. Кеңешмеде Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасынын долбоору талкууланып, аталган маселе боюнча Орусия тарап менен акыркы макулдашууга келүү үчүн жумушчу топту жөнөтүү чечими кабыл алынганы белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

