super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте кикбоксинг боюнча өткөн эл аралык мелдеш нокауттар менен коштолду (фоторепортаж)

 
"Тамашоучу" Кубат Кубанычбеков алып баруучулук кылган мелдештин башталышында Азербайжан курама командасы толук курам менен рингге чакырылды.
Андан соң Орто Азия курама командасы рингге толук курам менен чакырылып, тааныштырылды.
Аталган 5 мамлекет бул мелдешке өз калыстарын жиберишкен.
Беттештерге орун берүүдөн мурун уюштуруучулар Баку шаарында өткөн "Патриоттук ырлар" Эл аралык сынагында 1-орунду ээлеген ырчылар Айбек Бакытбеков, Гүлжигит Калыков, Жээнбек уулу Сталбек жана Бек Исраиловдун мекен тууралуу ырына кезек беришти.
Алгачкы болуп Орто Азия командасына казакстандык Арман жеңиш алып келди. Арман азербайжандык атаандашын жубатып жатат.
Нокаут канчалык эрте катталса, күйөрмандардын каны ошончо тез ысыйт эмеспи. Бул мелдеште экинчи гана беттеште нокаут катталды. Муну 57 килограмм салмакта кыргызстандык кикбоксчу Авазбек Аманбеков ишке ашырды.
Алгачкы нокаутту кыргызстандык кикбоксчу Авазбек Аманбеков ишке ашырып, татыктуу жеңишке жетишти.
Азербайжандык мушкер Эльнур Дарьягир өзбекстандык Шерзод Абдуллаевди нокаутка учуратып, жеңишке жетишти.
Айбек Дүйшөнбиев Орто Азия командасынын командалык эсептеги жеңишине салым кошуп, жеңүүчү аталды.
Командалык эсепте улам артта калып жаткан азербайжандык кикбоксчулар мурунку беттештин жыйынтыгына карап мушташып жаткандай сезилди.
"Күрөш өтүүчү килем менен кикбокс өтүүчү рингди ыйык көрөм. Андыктан рингге чыгып эмес, полдо туруп ырдоону туура көрдүм" деген ырчы Ома күйөрмандарга өнөрүн тартуулап берди.
Беттештеги каптал калысы кикбоксчулардын упайларын санап жатат.
Азербайжандык спортчу Нахид Асадов мушташтан тышкары да өнөр көрсөтүп жиберди. Кумар Жалиевдин жеңиш кубанычын белгилөө үчүн кийип чыккан калпагын башынан чечип, өзү кийип алды.
Жалпысынан 13 беттеш орун алды. 91 килограммдан жогорку салмакта беттешкен азербайжандык Агалар Садыхаде менен кыргызстандык Кубан Абдраимов. Агалар Садыхаде жеңүүчү аталды.
Командалык эсеп 13-беттеш орун алып жатканда 6:6 болчу. Демек, акыркы беттеш командалык эсептеги жеңүүчүнү аныктамак. Казакстандык Аскат Жантурсынов азербайжандык Замит Атакишиевге каршы...
Зал толо эл азербайжандыктардын жеңишин каалаган жок. Демек, казак спортчусуна жан тартыш керек болду. Аскат ишенимди актап, командалык эсепте жеңиш алып келди.

Бүгүн, 2-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кикбоксинг боюнча Гейдар Алиевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш болуп өттү. 3 саатка созулган мелдеш алкагында Азербайжан курама командасынын 13 кикбоксчусу Орто Азиянын атынан чыккан 4 мамлекеттин (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан) 13 спортчусуна каршы турушту.

Командалар аралык беттештин жыйынтыгында Орто Азия курама командасы жалпы эсепте жеңишке жетишти. Азербайжан курама командасынын 6 мушкери бул күнү жеңип чыкса, Орто Азия курама командасынан 7 кикбоксчу жеңиш кубанычын белгилешти. 

Спорттук мелдештин жүрүшүндөгү экинчи беттеш көпчүлүктүн эсинде калды. 57 килограмм салмакта Кыргызстандын желеги астында рингге чыккан Авазбек Аманбеков атаандашын нокаутка учуратты. Жеңил салмактык бөлүктө нокаут өтө сейрек катталарын эске алсак, Авазбек бул беттешке жогорку даярдыкта чыгыптыр. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.05.2014. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орто Азия Эркек!!!
Модератор admin_portal түзөттү 05.05.2014 16:25
03.05.2014. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок, азерилер да азаматтар экен, жалгыз төрт мамлекетке каршы тура алды...
03.05.2014. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы откон экен
03.05.2014. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
алга кыргызстан азаматсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: