super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Банктар менен биргеликте иш алып барып, калктын жашоосун жакшырта алабыз"

 

КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 4-майда Азия өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин чогулушуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Ал иш-чараны уюштурган Казакстандын өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, казак элинин меймандостугун белгилеп өттү. Ошондой эле өлкөнүн өнүккөн 30 мамлекеттин ичине кириши бир гана казак эли үчүн эмес, Борбордук Азия элинин сыймыгы экенин баса белгиледи. Жоомарт Оторбаев Кыргызстандагы социалдык- экономикалык кырдаал тууралуу айтты. 

“2010-жылы апрелде саясий режим алмашкандан кийин бир катар социалдык институттарды кайра калыбына келтирдик. Алар учурда эффективдүү иш алып барышууда. Эл аралык коомчулук өткөөл убакта колдоо көрсөттү. Азыркы тапта коомчулукка демократия эң жакшы саясий систем экенин далилдешибиз керек. Өлкө кирешелеринин өскөнүнө карабай жакырчылык, экология, суу ресурстары менен камсыз кылуу маселелерине туш келип жатабыз. Азия өнүктүрүү банкы тажрыйбасына таянып бизге жардамга келе алат. Биз биргеликте иш алып барып, калктын жашоосун жакшырта алабыз”,- деди өкмөт башчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: