super.kg logo

Ошто 2014-жылдын ажылык сапарына арналган жыйын өттү

 

Кечээ, 4-майда Ош облустук мусулмандар казыятында 2014-жылдын ажылык сапарын уюштуруу боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Муфтиятынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ​жыйындын негизги максаты быйылкы ажылык сапарды уюштуруунун тартиптери тууралуу жалпыга маалымдоо болду. Иш-чарага муфтийдин орун басары, ажылык боюнча республикалык штабдын төрагасы  Замир ажы Ракыев, ажылык жана умра боюнча башкы адис Марат ажы Юсупов, ажылык жана умра бөлүмүнүн катчысы Эсен ажы Өмүракунов, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Ниязали ажы Арипов жана Ош облусуна караштуу бардык райондордун имам хатиптеринин жана Ош облустук казыяттын кызматкерлери катышышты. ​Жыйынга Ош облусунун күч органдарынын өкүлдөрү да чакырылды. Эскерте кетсек: 

-​ Быйылкы жылы Кыргызстанга 3685 квота бөлүнүп, анын 3560 квотасы элге даярдалган. Анын 738 квотасы Ош облусуна бөлүнгөн;

-​ Быйылкы ажылык сапардын жалпы баасы 2400 АКШ долларына барабар;

-​ Ажыга баруучулар чүчү кулак аркылуу тандалып, каттоонун баасы 500 сомго тең. Быйыл биринчи жолу бара турган жарандар чүчү кулакка катышып каттала алышат;

- ​Каттоо иштери 2014-жылдын 12-майында саат 9:00дө башталып, 12-июнь күнү саат 18:00гө чейин өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: