Мушкер Флойд Мейвезер атаандашы Маркос Майдананы утуп, карьерасындагы 46-жеңишине жетишти
"Мейвезердин атаандаштарынын көбү аны сыйлап, мен сыяктуу оор соккуларды узата алган эмес",- дейт Майдана.
"Мейвезердин атаандаштарынын көбү аны сыйлап, мен сыяктуу оор соккуларды узата алган эмес",- дейт Майдана.
Флойд Мейвезер бул беттештин өтө оор болгонун, өз карьерасындагы эң кыйын беттештердин бирин өткөргөнүн айтты.
37 жаштагы мушкер 46-ирет жеңишке жетишти.
Америкалык мушкер, WBC версиясы боюнча Дүйнө чемпиону Флойд Мейвезер кечээ, 4-май түнү WBA версиясы боюнча Дүйнө чемпиону, аргентиналык Маркос Майдананы утуп, карьерасындагы 46-жеңишине жетишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Лас-Вегаста өткөн беттеште мушкерлер 12 раунд беттешишти. Жыйынтыгында 3 калыстын экөөсү жеңишти Мейвезерге ыйгарса (117:111, 116:112), бир калыс тең чыгуу катталганын билдирди (114:114).
Кошумчалай кетсек, 37 жаштагы америкалык мушкердин профессионалдык рингде жүргөнүнө 18 жыл болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:31
2025-12-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
diamond901512
05.05.2014. 09:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майдана утуш керек эле калыстар туурамес баалашты (( бул менин оюм
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















