Ош. Кара-Суу районундагы атышуудан кийин каза болгон Жеңишбек Сайдиевдин үйүнүн короосундагы видеожазуунун бири коомчулукка жарыяланды

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы Жеңишбек Сайдиевдин киши колдуу болуп өлтүрүлүшүнө байланыштуу алдын ала ар кандай жоромолдорду айтып, саясатка байланыштырбай турууну суранат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы бүгүн, 5-майда билдирди.
Маалыматка караганда, адам өлтүрүү фактысы боюнча оперативдүү топ иштеп жатат. Ошол эле мезгилде башкы башкармалык Жеңишбек Сайдиевдин короосундагы видеожазуунун бирин коомчулукка жарыялоо менен кимде-ким бул адамды таанып-билсе, (03222) 5-71-81 номуруна же 102ге билдирип коюуну суранат. Билдирген адам тууралуу жашыруун сыр сакталат. Бул видеого Мерседес үлгүсүндөгү автоунаадан келген кылмышкер түшүп калган.
Эске салсак, 30-апрелде Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылында атышуу болуп, анда Жеңишбек Сайдиев аттуу жаран оң колунан, көкүрөгүнөн жана арткы капталынан жараат алып, үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Окуя болгон жерди кароо учурунда 16-калибрдеги Иж-58м үлгүсүндөгү кош ооз ок атуучу мылтык, 2 даана 16-калибрдеги мылтыктын атылган октору далил катары алынган.
Жабырлануучуга 1-майда операция жасалган эле. Бирок ал алган жарааттарынан улам ооруканада көз жумган.
Жеңишбек Сайдиевдин үйүнүн короосундагы видео жазуунун бири коомчулукка жарыяланды


http://www.super.kg/kabar/news/63515
Баары жайында эле экен. Катачылык сиз тараптан кетип жатат окшойт.
Далили жок, такталбаган маалымат таратып, улуттар арасында талаш-тартышты жаратууга, провокацияга жол берилбейт!
kubasel - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.