super.kg logo

Ооганстанда жума күнү болгон жер көчкү 2 миңге жакын адамдын өмүрүн алып кетти

 

Ооганстанда жума күнү болгон жер көчкү 2 миңге жакын адамдын өмүрүн алып кетти. Учурда дале куткаруу иштери уланууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 5-майда кабарлашты.

Эске сала кетсек, 2-майда Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Хобо-Барик айылында жер көчкү жүрүп, ал бүтүндөй бир айылды басып калган. Анын кесепетинен 2500дөй адам дайынсыз болууда.

"300 үй жер астында калып, 2500дөй адам дайынсыз. Айылды 10-20 метр бийиктиктеги жер көчкү басып калыптыр. Алардын тирүү калышына ишенимим жок",- деп билдирген провинциянын губернатору Валиулла Адеб маалымат каражаттарына.

Ооганстандын Кырсыктар боюнча улуттук департаменти бул аймакта жер көчкүлөр дагы кайталанышы мүмкүн экенин кабарлап жатат. Департамент азыр 4000дей адамды эвакуациялап, аларды тамак-аш, таза суу, чатыр жана төшөнчүлөр менен камсыз кылып турганын билдирген.

Белгилей кетсек, акыркы апталарда өлкөнүн түндүгүндө тынбай жааган жаандан улам түрдүү кырсыктар кайталанып, миңдеген эл үй-жайсыз калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.05.2014. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах аллах озун сакта
06.05.2014. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын калгандарын сабр берсин.
06.05.2014. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10-20метр бийиктиктеги эмес калындыктагы болсо керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: