super.kg logo

“Ысык-Көл фармация” ишканасынан мыйзамсыз сакталган психотроптук каражаттар табылды

 
Ысык-Көл облустук ИИБинин кызматкерлери тарабынан “Ысык-Көл фармация” ишканасынан мыйзамсыз сакталган психотроптук каражаттар табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, укук коргоо органдарына аталган ишкананын дары-дармек сактоочу жайында тиешелүү документтери жок психотроптук каражаттар бар экендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Күбө катары тартылган адамдардын көзүнчө дары-дармек сактоочу жайдан атайын документтери жок ар кандай өлчөмдө диазепам, тиопентал-натрий, калипсол, дикоин, хлороформа, туздуу кислота деген психотроптук каражаттар алынган. Учурда Балыкчы райондук тергөө бөлүмү тарабынан "психотроптук заттарды мыйзамсыз сактоо" деген айып тагылып, кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: