Парламент комитети КРнын Корея Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы карызына байланышкан мыйзам долбоорун колдоду
Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети КРнын Өкмөтү менен Корея Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы карызды кайра түзүмдөштүрүү долбоору боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун колдоду. Мындай чечим комитеттин 6-майдагы жыйынында кабыл алынды. Каржы министринин орун басары Таалайбек Таткуловдун айтымында, бул макулдашууга президент Алмазбек Атамбаев Кореяга иш сапары менен барганда кол коюлган. Өкмөттүн аталган уюмга карызы 15,4 миллион доллар экенин айтты министрдин орун басары.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

