Жогорку Кеңештин депутаттары Москвада кыргыз диаспораларынын дүйнөлүк форумуна катышат
Жогорку Кеңештин депутаттары 9-11-майда Москвада өтүүчү чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз диаспораларынын "Кыргызстандын эмгек мигранттары ааламдашуу дүйнөсүндө: актуалдуу маселелер жана чечүү жолдору" аттуу III дүйнөлүк форумуна катышат.
Форумда сессия форматында бир катар маанилүү маселелер талкууланып, жыйынтыгында резолюция кабыл алуу пландаштырылып жатканын бүгүн, 6-майда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандын маданият ишмерлери катышмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:15
2026-02-21
15:31
2026-02-21
14:45
2026-02-21
10:22
2026-02-21
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















