super.kg logo

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жаркын элесине арналган митинг-реквием болуп өттү (фоторепортаж)

 
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жаркын элесине арналган митинг-реквием аларды эскерүү менен башталды.
"Боордоштор көрүстөнүндөгү" согушта каза тапкан жоокерлердин мүрзөлөрү
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери
"Боордоштор көрүстөнүндөгү" жоокерлердин мүрзөлөрүнө гүл коюлуп, алар эч качан унутулбай турганы айтылды.
"Боордоштор көрүстөнүндөгү" ардагерлердин урматына тургузулган эстелик.
Согуш ардагерлеринин урматына тургузулган эстелик.
Иш-чаранын жүрүшүнөн
Баш калаанын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэрдин милдетин аткаруучу Айгүл Рыскулова, шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов.
Иш-чаранын жүрүшүнөн
Эстеликтерге гүлчамбар коюу аземи
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү аземинин жүрүшүнөн...
Вице-мэрдин милдетин аткаруучу Айгүл Рыскулова согуштун ардагерлеринин эстелигинин алдында.
Иш-чаранын жүрүшүнөн
Иш-чарага катышкан аскер-атташелер...
Иш-чарага Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү да катышты.
Иш-чаранын жүрүшүнөн көрүнүштөр...
Иш-чаранын жүрүшүнөн...
Кыргызстандагы Орусия Федерациясынын аскер-атташелери...
Кыргызстандагы Орусия Федерациясынын аскер-атташелери...
Иш-чаранын жүрүшүнөн...
Кыргыз Республикасынын Гимни обого жаңырып жаткан маал.
Биринчи Май районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 93 ардагери жашайт.
Саамалыкка Бишкектеги №15-орто мектептин окуучулары да күбө болушту.
Согушта каза тапкан ардагерлер эскерилип, абага үч жолу ок атылды.
Борбордун мэри Кубанычбек Кулматов ардагерлерге чың ден соолук каалап өттү.
Шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов эл алдында сөз алды.
Согуштун ардагери колундагы гүлүн өзү менен бирге жүрүп каза тапкан таанышынын мүрзөсүнө койду.
Иш-чаранын жүрүшүнөн...
Согуштун ардагерлери колдорун көкүрөктөрүнө туштаган абалда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнин угуп жатышат.
Шаардагы №15-орто мектептин окуучулары бул жайга жарым саат эрте келип, аягына чейин тикесинен тик туруп күтүштү.
Иш-чарага катышкан аскердик оркестр...
Улуу Ата Мекендик согушта каза тапкан ардагерлерди эскерүү митинг-реквием аяктаган соң мэр Кубанычбек Кулматов, шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов ар бир ардагердин колун кыса кармап, жылуу коштошушту.
Улуу Ата Мекендик согушта каза тапкан ардагерлерди эскерүү митинг-реквием аяктаган соң мэр Кубанычбек Кулматов, шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов ар бир ардагердин колун кыса кармап, жылуу коштошушту.
Иш-чаранын аягында аскерлер парады болуп өттү.
Иш-чаранын аягында аскерлер парады болуп өттү.

Бишкекте бүгүн, 6-майда “Боордоштор көрүстөнүндө” Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жаркын элесине арналган митинг-реквием болуп өттү. Аталган көрүстөндө Улуу Ата Мекендик согушта каза тапкан 248 жоокердин сөөгү коюлган. Иш-чара согуштан каза тапкандарды бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.

“9-Май - Жеңиш күнү биз үчүн ыйык күн. Бул катаал согуш миңдеген мекендешибиздин өмүрүн алып кетти. Биз Совет доорундагы элдин кайратына сый көрсөтөбүз. Бул трагедия кыргызстандык ар бир үй-бүлөгө өз залакасын тийгизди. Мен ардагерлерге чың ден соолук кааламакчымын”,- деди борбордун мэри Кубанычбек Кулматов.

Уюштуруучулардын айтымында, аталган иш-чаралардын келечек муундун мекенчилдик сезимдерин ойготууда жана аларды тарбиялоодо мааниси зор.  

“Бул көрүстөнгө 248 жоокердин сөөгү коюлган. Аларды эскерүү иш-чаралары Жеңиш күнүнө карата жыл сайын өткөрүлүп келет. Республикалык бюджеттен 305 миң сом бөлүнүп, Биринчи Май районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 93 ардагерине 1 миң сомдон акчалай сыйлыктар берилди. Андан сырткары аларга сый тамактар уюштурулууда. Ошондой эле социалдык кызматкерлер тарабынан ордунан жыла албаган 69 майып ардагерибиздин үйлөрүндө ар кандай кызматтар көрсөтүлмөкчү”,- дейт Биринчи Май районунун акими Аскарбек Алиев.

Иш-чарага баш калаанын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэрдин милдетин аткаруучу Айгүл Рыскулова, шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов, аскер-атташелер, Кыргызстандагы элчиликтердин өкүлдөрү жана күжүрмөн эмгекчилер катышты.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: