Бишкекте "коомдук тартипти бузуп, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн" деп айыпталып Нарын облусунун тургуну кармалды
Бишкекте "коомдук тартипти бузуп, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн" деп айыпталып Нарын
облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек
ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-майда билдирди.
Автор: Мирлан Өмүралиев
Маалыматтарга караганда,
Октябрь райондук ИИБинин кызматкери айрым жашоочулардан келип түшкөн арыздардын
негизинде шаардагы кафелердин бирине барган. Ал жерден кафенин
кардары милиция кызматкерин көрүп, ага карата адепсиз сөздөрдү айтып, каршылык көрсөткөн. Жыйынтыгында укук коргоо кызматкери аталган жаранды убактылуу кармоочу жайга алып келген.
Кармалган жарандын мурда соттолгондугу аныкталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.