“Чоң жетилик” Орусияга каршы жаңы санкция киргизүүгө даярданууда
АКШ жана “Чоң жетиликке” кирген өлкөлөр Орусияга каршы жаңы санкция киргизүүгө даяр. Бул тууралуу кечээ, 5-майда Вашингтондо Ак үйдүн басма сөз кызматынын өкүлү Жей Карни ММКларга билдирди.
Айтымында, Ак үй Украинадагы кырдаалга тынчсызданууда.
“Орусия Украинанын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууну уланта берсе, анда АКШ жана башка “Чоң жетиликке” кирген өлкөлөр Орусияга каршы жаңы санкция киргизүүгө даяр”,- деди Карни.
“Чоң жетиликке” Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Япония жана АКШ кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

