Аламүдүн районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды
Аламүдүн районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 4-май күнү саат 21:00 чамасында Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталган. Анда белгисиз айдоочу жергиликтүү жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу денесинен жараат алып ооруканага жеткирилген. Бул боюнча издөө иштери жүрүп, аталган кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган айдоочу кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.