super.kg logo
  Саясат  

Тышкы иштер министрлиги: Кыргыз-кувейт кызматташтыгын бекемдөө максатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү

 

Сауд Арабиядагы КРнын атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупбек Шарипов 4-майда Кувейт мамлекетинин вице-премьери жана тышкы иштер министри шейх Сабах Халид аль-Хамад аль-Сабах менен жолугушту. 

Тараптар кыргыз-кувейт кызматташтыгын бекемдөө алкагында бир катар актуалдуу маселелерди талкууга алышты. Анын ичинде кызматташуудагы укуктук базаны чыңдоо менен эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу жагы каралды. 

Кувейттин тышкы саясат боюнча буга чейинки эки өлкө ортосундагы алаканын перспективасына оң баасын берип, мамлекеттер аралык мамиле керектүү багытта өнүгүп жатканын баса белгиледи. Бул тууралуу КРнын ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: