super.kg logo
  Спорт  

“Жеңиш кубогу” деген аталыштагы эл аралык экинчи мелдеште 1-орунду Кыргызстандын курама командасы утуп алды

 

КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы өспүрүмдөр арасында баскетбол боюнча “Жеңиш кубогу” деген аталыштагы эл аралык экинчи мелдеш 5-майда жыйынтыкталды. 

Ал КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин, Бишкек мэриясынын алдындагы Дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин колдоосу астында өттү. 

Турнирдин жыйынтыгында 1-орунду Кыргызстандын курама командасы ээлесе, 2-орунду Санкт-Петербургдан келген команда камсыз кылды, ал эми 3-орунга ташкенттик “Вестминстер” командасы татыктуу болду. 4-5- орундарды ЦСКА (Алматы шаары) жана Чүй облусунун курама командасы (Кыргызстан) бөлүштү.

Эске салсак, өспүрүмдөр арасында “Жеңиш кубогу” баскетбол боюнча эл аралык экинчи турнирге КМШнын 4 өлкөсүнөн 5 команда: Казакстан (ЦСКА, Алматы шаары), Өзбекстан («Вестминстер», Ташкент шаары), Орусия («Купчинский Олимп», Санкт-Петербург шаары), Кыргызстандын жана Чүй облусунун курама командалары катышты. Бул тууралуу 6-майда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: