super.kg logo

"Ала-Тоо" аянтынан уурдалган унаа Мурас-Ордо жаңы конушунан табылды

 

Ушул жылдын 24-апрелинде "Ала-Тоо" аянтынан уурдалган унаа Мурас-Ордо жаңы конушунан табылды. Бул тууралуу уурдалып кеткен Фольксваген-Гольф-2 унаасынын ээси Айбек бүгүн, 6-майда SUPER.KG порталына билдирди.

Айдоочунун айтымында, 24-апрель күнү "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанынан дүкөнгө кирип кеткен мезгилде белгисиз адам унаасын айдай качкан. Ыкчам аракеттин натыйжасында Биринчи Май райондук ИИБинин кызматкерлери уурдалган унааны Мурас-Ордо жаңы конушунан табышкан. 

“Унааны кандай максатта уурдай качканы белгисиз. Милиция кызматкерлери иликтеп жатышат. Унаамдагы айрым буюмдар да жоголуптур”,- деп билдирди Айбек.

Жогоруда аталган кылмышка шектүү катары Мирлан аттуу жаран кармалган. Укук коргоо кызматкерлери шектүү адам дагы бир Фольксваген-Пассат унаасынын уурдалышына да тиешеси бар экендигин айтышууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: