Каталониялык студенттер Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна “Тез жардам” унаасын белек кылышты
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борбору тиешелүү медициналык жабдыктар менен жабдылган Фольксваген үлгүсүндөгү “Тез жардам” унаасына ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда аталган борбордон билдиришти.
Маалым болгондой, бул колдоо Каталониядагы Дене тарбия институтунда окуган Рожер Истив, Серги Серезо жана Ана Седано аттуу студенттердин дипломдук иши катары көрсөтүлүүдө. Алар ЮНИСЕФ уюмунун алдында “Кыргызстандын жылмаюусу” аттуу долбоор иштеп чыгышкан.
Андан сырткары Бишкекке чейин 25 күн жол жүрүп келген Барселона шаарынын студенттери Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы спорттук мектептерге да тийиштүү жабдыктарды тартуулашмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.