Быйылкы окуу жылында кызыл аттестатка талапкер 1200дөн ашуун окуучу бар
2013-2014-окуу
жылында артыкчылык аттестатына талапкер 1273 мектеп бүтүрүүчүсү бар. Бул
тууралуу бүгүн, 6-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, аталган министрлик тарабынан артыкчылык аттестатына талапкерлердин окуудагы жетишкендиктерин баалоо үчүн 7-май күнү Бишкек шаарында жана бардык облустарда эне тили, алгебра, Кыргызстандын тарыхы, мамлекеттик жана орус тилдери боюнча тесттик сынактар өткөрүлмөкчү.
“Учурда жалпысынан аймактарда 24 тесттик борбор иш алып барууга даяр. Тесттин жыйынтыгы 5 күндүн ичинде толугу менен текшерилип чыгарылмакчы”,- деп билдирет басма сөз кызматынан.
2011-жылы артыкчылык аттестатына талапкерлердин саны 3 миңден ашуун болгон. Бирок жогорку билим деңгээлин 95 окуучу гана тастыктай алган. Ал эми 2012-жылы 1921 бүтүрүүчүнүн 241и (12,5 пайызы) гана өз билимин жогорку деп тастыктай алганы маалым. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Aitunuk

06.05.2014. 20:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң жакшы, мектептеги коррупцияны жоюунун бир жолу. Бирок ушул жерде да суйлошуулорго жол берилет.
Sharipa-asia

06.05.2014. 21:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болсун болсун
talant87

06.05.2014. 22:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл- кок же башка аттестат алсанда окууга барсан акча акча акча дейт окуу окуу жана окуу дебейт
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.