super.kg logo

Бишкекте кыз-келиндер арасындагы Куранды жатка айтуу жарышынын жеңүүчүсү ажылык сапарга жолдомо алды

 

Бүгүн, 6-май күнү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана «Мутакалим» аялдар прогрессивдүү коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулган Куранды жатка айтуу жарышы аяктады. Бул тууралуу Дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан сынакка 19 кыз-келин катышып, алардын ичинен 4 кыз 30 жуп, 1 кыз 20 жуп, 4 кыз 10 жуп, 10 кыз 5 жуптан Куранды так, жатка айтышты.

Жыйынтыгында 30 жупту так айтуу боюнча 1-орунга Гүлнара Өмүрова жетишип, ажылык сапарга эки кишилик чакыруу барагына ээ болду. 

Куранды жатка айтуу жарышы боюнча калыстар тобунда муфтийдин орун басары Замир Ракиев, Кыргыз ислам университетинин мугалими Зиябидин Атабаев, Борбордук мечиттин казысынын орун басары Анарбай Курбанбеков, Кыргыз ислам университетинин мугалими Шамсидин Кадыров, «Ихсан Хойрия» фондунун жетекчиси Муса Магомедов болушту. 

Куран жарышы буга чейин өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүп, аймактарда жеңүүчү аталгандар борбордогу «Мутакалим» аялдар прогрессивдүү коомдук бирикмесинин имаратында ат салышты.  

Кошумчалай кетсек, баш байгеге ээ болгон Гүлнара Өмүровага ажылык сапарга эки кишилик жолдомону сыйлуу конок, Мекке шаарынын "Аль Харам" мечитинин имамы Махир бин Хамад Аль-Муъайкили 15-май күнү Улуттук филармонияда боло турган жолугушууда жеңүүчүнүн өз колуна тапшырмакчы.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.05.2014. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соонун болуптур, Кураъанды жатка билген Муслима эже карындаштарыбыздан, Аллах Озу ыраазы болсун. Амиинь!
07.05.2014. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ии эн сонун идеа, ажылык сапарга жолдонмо алса ажылыгы кабыл болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: