Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн
Эртең, 7-майда Бишкектин айрым райондорунда көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматта белгиленгендей, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Күрөңкеев, Фёдоров, Эркиндик көчөлөрүндө, Жаш
Гвардия, Жибек Жолу, Урицк, Ат-Башы көчөлөрүндө №398, 139-көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө
учурашы ыктымал.
Ошондой эле саат 9:00дөн 17:00гө чейин Сокулук районундагы Маловодное, Кызыл-Туу (батыш жагы) айылдарында, Сокулук айылында (Киров, Ленинград, Школьная, Ош, Москва, Жеңиш көчөлөрүндө), Романовка айылында (Озёрная, Пионерская көчөлөрүндө), Ленин, Таш-Мойнок, Таш-Дөбө, Воронцовка, Байтик, Арчалы, Кашка-Суу, Малиновка айылдарында "Главная", "25 лет Кыргызстана", "Кашка-Суу", "Маловодное", "Ботбаев" көмөк чордондорунан тараган 10 кВт аба электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.