Декларация: Жантөрө Сатыбалдиев 2013-жылы 1 миллион 55 миң сом киреше тааптыр
Мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2013-жылы 1 миллион 55 461 сом киреше тапкан. Муну экс-премьер былтыркы тапкан кирешеси жана үй-мүлкү боюнча тапшырган декларацияда көрсөттү. Кыймылсыз мүлкү: 224,5 чарчы метр аянтты ээлеген үй. Сатыбалдиевдин жакындары 2013-жылы 1 миллион 8540 сом пайда табышыптыр. Аларга 200 чарчы метр аянтты ээлеген батир, 13,5 чарчы метрлик гараж таандык экени айтылат маалыматта. Унаалары: 2005-жылы чыккан Тойота Прадо, 2008-жылы чыккан Тойота Раф, 2002-жылы чыккан Хонда Сивик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















