Декларация: Алмазбек Атамбаев 2013-жылы 960 744 сом киреше тапканын айтты

Президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылкы кирешеси жана мүлкү боюнча декларация тапшырды. Өлкө башчы былтыр негизги иш ордунан 960 744 сом киреше тапканын көрсөттү. Президентке караштуу 64 000 чарчы метр аянтты ээлеген көп жылдык дарак көчөтү отургузулган жер тилкеси, 2007-жылы чыгарылган Тойота Лэнд Крузэр автоунаасы, “Форум” ишканасы (100 пайыз акциясына ээлик кылат) бар.
Мамлекет башчынын жакындары былтыр 87 546 сом киреше тапса, мүлктөрү булар: 15,7 чарчы метр аянтты ээлеген автотоктотмо, 133,3 чарчы метр аянтты ээлеген батир, кайсы бир компаниянын 86,28 пайыз акциясы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

