super.kg logo
  Саясат  

Декларация: Асылбек Жээнбеков былтыр 1 миллион сомдон ашык киреше тапса, автоунаасы жок

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 2013-жылкы кирешеси жана мүлкү боюнча декларация тапшырды. Төрага былтыркы алган маянасын 1 миллион 018 941 сом деп көрсөттү. Кошумча кирешеси 1 миллион 540 миң сом. Кыймылсыз мүлктөрү: 1500 чарчы метр аянтты ээлеген үй, 9700 чарчы метр жерди ээлеген имарат, 3500 чарчы метр аянтты ээлеген кафе, ресторан, 3000 чарчы метрлик имарат, 6000 жана 3000 чарчы метрлик жер тилкелери.

Асылбек Жээнбеков “Алтын-Көл” ААКсынын 91,52 пайыздык акциясына, “Бий-Мырза” ААКсынын 47,6 пайыздык акциясына, “Бий-Мырза” ААКсынын 52,4 пайыздык акциясына ээлик кылары айтылды.

Төраганын жакындары былтыр 800 миң сом киреше табышыптыр. Аларга 3304 чарчы метрлик үй, 2576 чарчы метрлик жер тилкеси, 20 800 чарчы метр аянтты ээлеген имарат таандык.

Автоунаалары тууралуу маалымат берилген жок. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: