super.kg logo

Ош: Капкагы жок люктар адам өмүрүнө коркунуч жаратууда

 

Ош шаарынын Жим кичи районундагы люктар каралбай жатат. Мындай билдирүүнү 6-майда жергиликтүү тургундар даттануу иретинде билдиришти.

Калыс аттуу айым: "Ар күнү ушул көчөдөн өтөбүз, кудуктар ачык бойдон. Балдар түшүп кетсе эмне болот? Бул үйдө ондон ашуун жаш бала бар, тереңдигин карап көрсөңөр, чоң адам түшүп кетсе да соо чыкпайт. Кечкисин көрбөй түшүп кетсе эмне болору баарыбызга белгилүү. Мындай тешиктерди жаппай Суу башкармалыгы эмне менен алек болуп жатканын билбейбиз",- деди.

 

Ал эми Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башчысы Дөөлөтбек Кокочоров буларды айтат:  

"Кудуктардын капкактарын уурдап кетишүүдө. Айлабыз кетип цемент менен жаап коёбуз. Биздин кызматкерлер барып ачкан болсо, кайра жаап келишет. Эмнеге ачык таштап койсун? Аны ошол тургундар өздөрү ачышат. Билбейм кайсы максатта ачышарын”.

Эске салсак, быйыл 22-апрелде Кара-Суу районунун Ташлак айылында капкагы ачык кудукка 4 жашар кыз түшүп кетип каза болгон. Экспертизанын жыйынтыгында кыз кудуктун ичинде 4 саат туруп калганы аныкталган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.05.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TILEK.8 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: