Декларация: Өкмөттүк аппараттын башчысы Нурханбек Момуналиев "айлыктан башка эч нерсем жок" дейт

Өкмөттүк аппараттын башчысы Нурханбек Момуналиев да бир жылдык тапкан кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу декларация тапшырды. Анда Момуналиев 2013-жылы негизги иш ордунан 888 914 сом киреше иштеп тапканын белгилеп, андан башка эч нерсе көрсөткөн эмес. Декларациядагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жазылчу жерлерди актай калтырган. Чиновниктин жакындарынын жылдык кирешеси, кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрү да жазылган эмес.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

