Бишкекте жер төлөдө катылган ок-дарылар табылды
Бишкекте жер төлөдө катылган ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-майда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Чүй проспекти көчөсүндө жайгашкан үйдүн короосу тинтүүгө алынган. Анын натыйжасында үйдүн жер төлөсүнөн автоунаанын 29 даана мамлекеттик номуру, 306 даана ок-дары жана 2 даана жарылуучу затка окшогон нерсе табылган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.