super.kg logo

Үстүбүздөгү жылдын башында болгон каракчылык фактысынын бети ачылды

 

Үстүбүздөгү жылдын башында болгон каракчылык фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-майда билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 21-январь күнү саат түнкү 01:30 чамасында белгисиз адамдар Арча-Бешик конушунда жайгашкан турак үйлөрдүн бирине киришип, К.Гүлнур аттуу жаранды бычак менен коркутушуп, алтын буюмдарын, 3 уюлдук телефонун жана 5000 сомун алып кетишкен. Бул боюнча Ленин райондук милиция кызматкери тарабынан иликтөө иштери жүрүп, аталган кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунда туулган 40 жаштагы Алмазбек Осмоналиев жана 30 жаштагы Мирбек Бедералиев кармалды. Далил зат катары алардын жанынан уурдалган 3 уюлдук телефондун экөөсү алынды. Учурда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен кармалган жарандар 2 айга камакка алынды.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.05.2014. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аш десе ашка иш десе ишке тойбой турган маалда каракчылык кылып ото эле уят
07.05.2014. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
sarbo, ээ жигарим Кыргызстанда иш жок болсо анан эмне кылсын.
07.05.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
kyrgyzstan_93,Андай кыйын экен,булар каяктагы алсыз аялды тоношпой,биздин жепбутотторду тоношпойбу.Элдин да табасы канмак.
07.05.2014. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят!ЧоН эле адамдар экен.жаштарга углу болуунун ордуна уурулука барышат.
07.05.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
3 телефон менен 5000 сом учун турмодо 4-5 жыл отургандын озу "идиотизм" менимче... Кайра кайткыс, омурунун баалуу 4-5 жылын болбогон нерсе учун турмодо откорсо... Анан дагы мамлекеттин эсебинен буларга тамак аш берилип.. СССР'дегидей турмодогулорго эн оор жумуштарды жасатыш керек. Тундук-туштук жолу салынганы турат, ушуга окшогондорду алып барып иштетиш керек! Акча да эконом болот. Калп эле биздин эсебибизден жашаттырбай...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: