super.kg logo
  Саясат  

Айыл чарба министрлиги: Май айынын башына карата республика боюнча 401,7 миң гектар аянт жер айдалды

 

Май айынын башына карата республика боюнча 153,8 миң гектар кылкандуу дан эгиндери азыктандырылды. Программа боюнча 219,7 миң гектар жер аянты азыктандырылышы керек. 2013-жылы отчёттук мезгилге карата 143,7 миң гектар жер аянты азыктандырылган. 2013-жылга салыштырмалуу 10,1 миң гектар аянтка көп азыктандырылды. Бул тууралуу 6-майда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

План боюнча быйылкы жылы 595,4 миң гектар жер аянты айдалышы керек болсо, май айынын башына карата жалпы республика боюнча 401,7 миң гектар аянт жер айдалды. Бул көрсөткүч 67,5 пайызды түзүп, 2013-жылга салыштырмалуу 41,1 миң гектарга аз айдалды.

2014-жылдын 2-майына карата программа боюнча каралган 269,0 миң гектар жер аянтынын 220,9 миң гектар аянтына жаздык кылкандуу дан эгини себилди. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 11,4 миң гектар аянтка аз эгилип, 82,1 пайызды түздү. 2013-жылы отчёттук мезгилге карата 232,3 миң гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери эгилген болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: