Премьер-министр Жоомарт Оторбаев футбол боюнча улуттук курама команданын өкүлдөрү менен жолугушту
Өкмөт башчы футболчулардын жана машыктыруучулар курамынын алдында сөз алып, ийгилик каалады.


Өкмөт башчы футболчулардын жана машыктыруучулар курамынын алдында сөз алып, ийгилик каалады.

Кыргызстан курама командасынын капитаны, өзүнө башка футболчуларга салыштырмалуу көп жоопкерчилик алган Азамат Байматов менен...

Андан соң жакында гана расмий ачылышы болгон футболдук майдан менен таанышты.

Солдон-оңго: КРнын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов, премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана команданын капитаны Азамат Байматов.
Кечээ, 6-майда премьер-министр Жоомарт Оторбаев футбол боюнча АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына жолдомо алган Кыргызстан курама командасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Жоомарт Оторбаев айрым себептерден улам өкмөттүн футболго тиешелүү деңгээлде көңүл бура албай жатканын моюнга алды. “Жеңүүгө болгон каалоонун күчү жана акырына чейин күрөшүү менен Кыргызстан курама командасы АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына чыга алышты. Бул баскычта алсыз команда болбойт. Демек, ар бир оюнда жеңишке умтулуу керек. Командага мен ийгилик каалайм”,- деди ал.
Кошумчалай кетсек, АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычы 19-31-май аралыгында Мальдив аралдарында өтөт. 8 команда катыша турган бул мелдештин жеңүүчүсү 2015-жылы Австралияда өтүүчү Азия чемпиондугуна жолдомо алат. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.