Депутаттар Бишкектин тазалыгын сынга алышууда
“Туристтик сезон келе жатат, Бишкектин көчөлөрүн оңдобосок болбойт”,- деди парламенттин 7-майдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков. Депутат борбор шаардын негизги көчөсүн сынга алды.
“Чүй проспектинин Свердлов райондук акимчилигинин жанындагы жери тешилип калган. Былтыр кум сээп коюшту эле, анысы жок болду. Муну тез арада карабасак болбойт. Шаардын тазалыгы да күндөн-күнгө бузулууда, таштандылар алынбайт. “Тазалык” ишканасы эмне кылып жатканы белгисиз, экиге бөлүнүп кетиптир деп жатат. Бул көйгөйдү комитет карашы зарыл”,- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

