Кыргызстанда айымдарды сойкулукка тарткандар 8 жылга чейин эркинен ажыратылмакчы
Кыргызстанда айымдарды сойкулукка тарткандарды 8 жылга чейин эркинен ажыратууга жол ача турган мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоору парламенттин 7-майдагы жыйынынан суроо-жооп, талкуусуз өттү.
Мыйзам долбооруна ылайык, күч колдонуу же коркутуу, опузалоо, мүлкүн жок кылуу же алдоо жолу менен айымдарды сойкулукка тарткандар 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми мындай иштер уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, алардын мүлкү конфискацияланып, өздөрү 5 жылдан 8 жылга чейин кесилмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

