Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Толкунбек Абдыгулов Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 7-майда президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Буга чейин Улуттук банкты Зина Асанкожоева жетектеп келип, жакында өз каалоосу менен кызматтан кеткен эле.
Толкунбек Абдыгулов
Туулган жылы - 1976-жыл, 7-июль.
Туулган жери - Ысык-Көл облусу, Тоң району, Бөкөнбаев айылы.
Улуту - кыргыз.
Билген тилдери - кыргыз, орус, англис жана япон.
Буга чейин өкмөттүк аппараттын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүн жетектеп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

