super.kg logo
  Саясат  

Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйыны менен Жогорку Кеңештин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

 

ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков менен Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Чжан Дэцзян үстүбүздөгү жылдын 6-майында Кыргызстан менен Кытай парламенттеринин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандум дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн тартып эки өлкөнүн парламенттеринин ортосунда кол коюлган биринчи документ болуп калды. Документ пландуу иштерди жолго коюуну жана парламенттер аралык тыгыз кызматташууну өнүктүрүүнү аныктайт, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы өнөктөштүктүн стратегиялык деңгээлин чагылдырат.

Анда белгиленгендей, тараптар мындан ары өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө кызыкчылыгында парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрөт, өз компетенциясынын алкагында саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык-маданий, гуманитардык жана башка эки тараптуу кызыкчылык эске алынган чөйрөлөрдө кызматташууну бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Меморандумга ылайык, эки тараптуу кызматташуунун келишим-укуктук базасын кеңейтүү боюнча иштер улантылат. Ошону менен бирге тараптар Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы эл аралык келишимдерди тез арада ратификациялоого жана алардын күчүнө киришине аракеттенет. Бул тууралуу 7-майда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: