super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: “Жеткиликтүү турак жай” программасын 1 айдын ичинде даярдап чыгабыз”

 

“Жеткиликтүү турак жай” программасын өкмөт 1 айдын ичинде иштеп чыгат. Муну парламенттин 7-майдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди. Бул боюнча парламенттин токтомун депутат Карганбек Самаков даярдаган. “Бул ишке парламент көзөмөлдүк кылбаса болбойт” деди депутат.

Экономика министри программанын каржы маселесин тез арада чечүүгө убада бербей турганын айтты. “Программаны 1 айда иштеп чыккыла деген тапшырма болду. Бир ай аз, бирок муну аткарабыз. Ал эми каржы маселесин 1 же 2 айда чечебиз деп айта албайбыз. Бирок акчаны тапса болот”,- деди министр. 

Айта кетсек, аталган программа аркылуу жеңилдетилген жол (салыктык жана башка жеңилдиктер) менен көп кабаттуу үйлөр курулуп, ал үйлөрдөгү ипотекалык негизде батир сатып алуунун наркы салыштырмалуу арзан болмокчу. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: