super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасын Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 6-майда Кытайдагы иш сапарында Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Чжан Дэцзян менен жолугушту.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жаатындагы кызматташтык мамилелеринин кеңири алкагын талкуулашты.

"Кыргызстан үчүн Кытай өлкөсү менен достук мамилелерди бекемдөө артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Биз стратегиялык өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүү, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бардык макулдашууларды сактоо багытын карманабыз",- деп билдирди төрага.

Спикерлер өлкөнү 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген Бишкек шаарынын автожолун калыбына келтирүү жана Кыргызстандын ирригациялык тутумун жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда Кытай тараптын көмөк көрсөтүүсү жаатында пикир алышты.

Чжан Дэцзян мамлекеттер аралык байланыштар гана эмес, өлкөлөрдүн аймактарынын ортосундагы алкаларды арттыруу да маанилүү экенин айтты. 

"Жолугушуу соңунда Асылбек Жээнбеков кесиптешин өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга расмий иш сапар менен келүүгө чакырды",- деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: