super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин делегациясы Кытайдагы эң ири мамлекеттик машина куруу компаниясында болду

 
Төрага Асылбек Жээнбеков башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы «Sinomach» («Синомаш») КЭР Улуттук машина куруу корпорациясында болду. 

«Sinomach» корпорация башкармалыгынын төрагасы Жэнь Хубинь мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн реформалардын артыкчылыгы, анын натыйжасы Кытайдын Машина куруу министрлигинин трансформациялануусу жана 1997-жылы анын базасында өзү жетектеген «Sinomach» КЭР Улуттук машина куруу корпорациясынын түзүлүүсү болгонун айтты. Ал Кыргызстанда корпорациянын туунду компаниясы иштеп жатканын, «ЮКЦ» цемент заводун (Кызыл-Кыя шаары) куруу, «Кант цемент заводун» реконструкциялоо долбоорлору ийгиликтүү ишке ашырылганын билдирди.

«Sinomach» корпорациясы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө темир жолдордун, автотрассалардын курулушу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жаатында чоң тажрыйбага ээ. Биз кыргызстандык компаниялар менен кызматташууга даярбыз”,- деди Жэнь Хубинь.

Төрага Асылбек Жээнбеков Кыргызстанда инвесторлор үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн белгилеп, «Sinomach» корпорациясынын башчысынын көңүлүн Кыргызстандын гидроэнергетикалык, тоо-кен мүмкүнчүлүгүнө, айыл чарбасы, пландаштырылып жаткан суу сактагычтар, сугат жерлеринин жаңы аянттарын түзүү максатындагы ирригациялык тутум жаатындагы мүмкүнчүлүктөргө бурду. Ошондой эле Кыргызстанга жаңы өндүрүштөрдү курууга чакырды.

Ар тараптуу пикир алышуудан кийин корпорация башчысы өлкөнүн экономикасын инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрүн жана айыл чарба техникаларын жеке лизинг системин түзүү механизмдерин иликтөө максатында Кыргызстанга келип кетүүгө ниеттенип жаткандыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: