super.kg logo

"Ишкер Дмитрий Цойдун спортчу Руслан Абасовдун өлүмүнө тиешеси бар же жогу текшерилип жатат" деди Рафик Мамбеталиев 

 

Кечээ, 6-май күнү күч органдары тарабынан кармалган Дмитрий Цой Руслан Абасовдун өлүмүнө шектүү катары кармалган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда маалымат жыйыны учурунда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, ишкердин жана спортчу Руслан Абасовдун аңчылык кылуучу жерлери жакын жайгашкан. Экөөнүн ортосунда айрым маселелер боюнча чыр чыккан болушу мүмкүн.

“Мен белгилүү ишкер Дмитрий Цойду спортчу Абасовдун өлүмүнө шектүү деп айта албайм. Азыр ал боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Дмитрий Цой мурда жасаган кылмыштары үчүн кармалды”,- деп билдирди Рафик Мамбеталиев. 

Айта кетсек, кечээ, 6-майда белгилүү ишкер Дмитрий Цой кармалган эле.

Эске сала кетсек, 27-мартта спортчу Руслан Абасов жубайы экөө унаада Токмок шаарындагы 1-кичи райондон 3-кичи районду көздөй бара жатканда бурулуш жерден жардыруу болгон. Жардыруудан жаракат алган кикбоксчу ооруканага жетип каза болгон. Ал эми келинчегинин абалы канааттандырарлык деп белгиленген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.05.2014. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садиев менен Цойдун бутпос талашы бар болчу илгертен. Мырзакматов бийликте турганда Садиевге крышат болуп турчу. эми крышасыз калганда Садиевди олтуруп кетишти. Экоо тен убагында жон жургон эмес да.
07.05.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saysat, Соз Руслан Абазовдун олуму жонундо болуп жатат. Садиев жонундо эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: