super.kg logo

Жалал-Абад. Ала-Букада жаш таланттар арасында «Ынтымак-Достук» кароо-сынагы өттү

 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Маданият үйүндө Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан Көк-Серек, 1-Май, Ак-Там, Орукту, Ала-Бука, Көк-Таш, Ак-Коргон, Балтагулов айылдык округдарынан келген жаш таланттар арасында «Ынтымак-Достук» кароо-сынагы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Сынакты Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясынын акими Алымкул Кулиев ачып берди.

Ага РИИБдин башчысы Асылбек Бийчиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сонунбек Акпаралиев катышты.

Кароо-сынактын соңунда 1-орунга Орукту айыл округунун жаш таланттары ээ болушуп, диплом жана ар бири 3000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. 2-орунду Балтагулов айылдык округунун жаш таланттары багынтып, диплом жана ар бирине 2000 сомдон ыйгарылды. 3-орунга Көк-Таш, 1-Май айылдык округдарынын жаш таланттары татыктуу болуп, ар бири 1500 сомдон сыйлык алышты. Калган айылдык округдардан келип катышкан жаш таланттардын командаларына 1500 сомдон тапшырылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.05.2014. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар жердештер
07.05.2014. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин айылым учунчу орунда экенда ээ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: