Украинадагы кырдаалга байланыштуу Владимир Кличко менен америкалык актрисанын тою белгисиз убакытка жылдырылды

Украиналык боксчу Владимир Кличко менен америкалык актриса Хайден Панеттьери үлпөт тоюн өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу белгисиз убакытка жылдырышты. Бул тууралуу 6-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Бир катар сериалдарда роль жараткан 24 жаштагы Панеттьери Украинадагы коомдук-саясий кырдаал Кличко экөөнүн планына таасирин тийгизгенин билдирип, убакыттын өтүшү менен баары жакшы болоруна ишенерин кошумчалаган.
38 жаштагы боксчу Германияда жашаарын жана мекени менен тыгыз байланышта экенин айткан. Владимир Кличко менен Хайден Панеттьери 2009-жылы сүйлөшүп башташкан. Бир жылдан кийин эки жолго кетишкен. Кайра 2013-жылы мамилелерин жандантып, турмуш курушарын жарыялашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

