2012-жылы ЖКда “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары тарабынан 42 мыйзам кабыл алынды
2012-жылы ЖКда “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары тарабынан 69 мыйзам долбоору демилгеленип, алардын 42си кабыл алынган жана 27си каралууда. Мындан сырткары депутаттар 55 мыйзам долбооруна демилгелеш болушуп, алардын 29у кабыл алынды. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын катчылыгы билдирди. Ошондой эле бул фракция ЖКнын 8 токтом долбооруна демилгечи жана 15 токтом долбооруна демилгелеш болду.
Автор: Автандил Добулбеков
Фракция депутаттары тарабынан 5 парламенттик угуу, 42 коомдук талкуу, 15 маалымат жыйын жана 50 тегерек стол уюштурулган.
Бир жыл ичинде фракция депутаттары 7409 жаранды кабыл алса, 593 жаран фракциянын коомдук кабылдамасына кайрылган.
Ал эми фракция депутаттарынын дарегине жыл ичинде 8120 арыз жана оозеки кайрылуулар келип түшүп, алардын 5973ү оң жагына чечилип, айрымдары боюнча материалдык жана башка жардамдар көрсөтүлгөндүгүн маалымдады фракция катчылыгы. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

